• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бир тууганын өлтүрүүгө шектелген өспүрүмдү сот күнөөлүү деп тапты

13 Аяк оона 2021 14:43 Бишкек Govori.TV

Мурас-Ордо конушундагы окуучунун өлүмү боюнча кылмыш ишинде соттун чечими чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлайт.

Соттун өкүмү 9-сентябрда чыккан.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган С.у.А. Жазык кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүгү (Аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылды жана 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Бирок ушул эле кодекстин 111-беренесине (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) ылайык, өспүрүм эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, окуя 17-мартта Бишкектин Мурас-Ордо конушунда катталган. Жергиликтүү тургун үйүнө барып, 13 жаштагы уулунун жансыз денесин тапкан.

Көз жумган бала талма оорусу менен жабыркагандыктан дайыма көзөмөлгө муктаж болгон. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы карап калган. Ата-энеси кайтып келгенде кичүүсү каза болуп, тун уулу үйдө жок болгон. Кийинчерээк ал качып кеткени аныкталган. Андан соң өспүрүм «Бишкек» эркин экономикалык аймак тараптагы камыштардын арасынан табылган. Ал сурак учурунда ошол күнү иниси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, инисине бычак шилтегенин айткан.

Количество просмотров: 296