29-август күнү кечки алтылар чамасында Ош шаарына караштуу дачалардын биринде жашаган бир жаштагы наристе Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүндө күйүктөн дарыланып жатып каза болуп калган.
Аталган факт ошол күнү Ош ШИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Бул боюнча Ош ШИИБнын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, тийиштүү материалдар жыйналган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон бала бир жашта экендиги аныкталган.
14-август күнү болжол менен саат бештер чамасында Ош облусунун Ноокат районун Өсөр айылында жашаган эжесинин үйүнө баланын ата-энеси жана бир туугандары конокко барышкан. Үй ээси конокторго печка аскан. Ошол учурда бала өзүнүн 3 жаштагы бир тууган эжеси менен кубалашып ойноп жатып, кайнап жаткан шорпого чалынып жыгылып түшүп, ысык шорпого денесинин көп бөлүгү күйүп калган.
16-август күнү Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүнө келип ал жерде дарыланып, бирок денесиндеги күйүп калган жаракаты оор болгондуктан 29-августунда каза болуп калган.
Маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары эч кимге эч кандай доосу жок экендигин айтышып, баланын денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.
Азыркы учурда бул факты боюнча кошумча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.