• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир жумада 271 мас айдоочу аныкталды

23 Кулжа 202511:20 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында 16-июндан 22-июнга чейин 21 миң 758 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 663;
  • мас абалында унаа башкаруу – 271;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 105;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 646;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 938;
  • авто ээнбаштык – 16;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 165;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 660;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 288 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 107