Кыргызстандын аймагында 11нен 17-сентябрга чейинки аралыкта 19 миң 800 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде 301 мас айдоочу кармалган.
Андан тышкары;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузган 1 миң 397 автоунаа айып короосуна киргизилген. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.