Бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды
3 Жалган куран 202518:02 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда 24-февралдан 2-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 525 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 720;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 369;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 110;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 413;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3493;
авто ээнбаштык – 19;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4225;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 298;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2901 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Подписаться:
Количество просмотров: 197