Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.
Базар-Коргон районунун Акман айылында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы Эдилбектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 26-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган Эдилбек 19-апрель күнү саат 17:00 чамасында Акман айыл аймагынын Акман айылында дайынсыз жоголгон.
«Бүгүн издөө иштери уланып, натыйжасында куткаруучулар саат 10:30да бөбөктүн денесин Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышып, туугандарына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Эдилбек өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп жоголуп кеткендиги кабарланган. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн. Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.
20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Издөө иштерине жардам берүү үчүн Ош облусунан 7 суучул келген болчу.
Булак: Тurmush.kg