• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бир жыл тынбай иштедим». Жапыкеев фейсбуктан эки айга “өргүү” алды

24 Жалган куран 2021 10:05 Бишкек Govori.TV

Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев фейсбуктан эки айга “өргүү” алды. Бул тууралуу жеке баракчасына жазды.

“Достор мен башынан эле бийлике жулунуп, чуркаган эмесмин, биздин максат шайлоону жокко чыгарыш эле, ал болду, Сооронбай Жээнбековду кетириш керек эле кетирдик. Мен колумдан келгенин жасадым. Эч качкан жокмун. Элди алдаган жокмун.

Урматтуу Эл журт баарысы силердин колдооңор менен гана болду. Силерге Рахмат. Мен дагы эле элден качкан жокмун. Кухня былтыр ушул айда башталган. Бир жыл ары бери тынбай чуркап элди ойгото берип, өзүм моралдык жана физикалык жактан чарчап калдым. Бир жыл тынбай иштедим. Фейсбуктан бир, эки айга отпуск сурайм. Нервти эс алдырайын достор. Көрүшкөнчө сак саламат болуңуздар”, – деп жазган Жапыкеев.

Количество просмотров: 202