• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024
Composite of person with calculator and tax forms

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

3 Бирдин айы 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы токтому менен Бирдиктүү салык декларациясынын формасына жана аны толтуруу жана берүү тартибине өзгөртүү киргизилгендигин маалымдайт.

Тактап айтканда, Бирдиктүү салык декларациясынын формасы тиркемелер менен толукталды, анда салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерин жана учурдагы жылга мүлк салыгы, жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү көрсөтүшөт.

Мында ушул токтом күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда 1-февралга чейин, салык декларациясын берген декларанттар такталган декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес экендигин белгилейбиз.

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы жана аларды толтуруунун тартиби өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Салык кызматынын расмий сайтынын «Отчет формалары» бөлүмүндө жайгаштырды.

Количество просмотров: 154