• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Бири-бирибизди чукулабай, иш жасайлык». Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана Айгүл Жапарова тууралуу билдирүү таратты

17 Бештин айы 2021 12:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Токтобүбү Оргалча аны «президенттин жубайы Айгүл Жапарованын таанышы» жана «кош жарандуулук» боюнча сындагандарга жооп берип, билдирүү таратты.

Ал улуту кыргыз экенин, аны «кытай, уйгур, шпион» дегенге эч кандай чындыкка дал келбей турганын айтып, ал өзүнүн өмүр баянын да кыскача кошумчалап өткөн.

«Мен Кыргызстандын жарандыгын алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам. Кечээ мандат берилгенден бери «биринчи айымдан досу экен» деген ушактар тарап жатат. Мен биринчи айымды жана президентти бир жолу да көргөн эмесмин. Мен жакындан да көргөн эмесмин, телевизордон анча-мынча көрүп жүрөм. Бул чындыкка дал келбейт, бирок ошол кишилердин саясатын колдойм», — деген Токтобүбү Оргалча.

Ошондой эле ал партиялашы Жанар Акаевди бир тууган инисиндей көрө турганын, аны колдоп кайын журту Кадамжайга чейин барып келгенин белгилеген.

Количество просмотров: 1222