• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 187 жараны келди

11 Кулжа 202017:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда Дубай—Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын учагы менен Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.

«Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырып, бардыгынын жыйынтыгы таза болуп чыкты. Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 81