• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Оштогу үгүт чыры иликтенет

18 Аяк оона 2020 15:08 Бишкек Govori.TV

«Биримдик» шайлоо өнөктүгү таза өтүшүнө умтулат. Видеодогу аялдын партияга эч тиешеси жок. Бул тууралуу Govori.TVга «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

«Биримдик» шайлоо өнөктүгү таза өтүшүнө умтулат. Ал эми видеодогу аялдын партияга эч тиешеси жок», — деп билдирди Султаналиев.

Ал эми Ош милициясынын басма сөз кызматы парламенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча иликтөө башталганын кабарлады. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде каттоого алынган.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө өзүн үйдүн башчысымын деген аял үгүт жүргузүү үчүн барган партия өкүлдөрүнө «Үгүт кылбайсыңар! Биз «Биримдик» партиясына. Бул жерде «Биримдик» партиясы болуп жатканда силердин укугуңар жок!» деп түртүп чыгарып жаткан видео тараган.

Количество просмотров: 468