• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Биримдик» партиясынын башка партиялар менен подъезд талашкан чыры (видео)

18 Аяк оона 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 5 кабат үйдүн башчысы (домком) үгүт иштерин жүргүзүү үчүн келген партиялардын өкүлдөрүн короосуна киргизбей, тоскоолдук жараткан видео социалдык түйүндөргө тарады.

Видео материалдан өзүн көп кабаттуу үйдүн башчысымын (домком) деген аял «үгүт иштерин жүргүзбөйсүңөр, биз «Биримдик» партиясына шайлайбыз» деп башка партия өкүлдөрүн тилдеп, төшкө түртүп жатканын көрүүгө болот.

Аталган видео интернет колдонуучулар тарабынан сындалып, «партиялар шайлоочуларды талашып жатат» деген сыяктуу түрдүү пикирлерин жазышууда.

Количество просмотров: 269