• Жекшемби 18 Чын куран 2021

Биринчи айым Айгүл Жапарова “Супара” музейинин ачылышына барды (сүрөт)

11 марта 2021 в 16:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова «Супара» этнокомплексиндеги кыргыз элинин маданияты интерактивдүү музейдин ачылышына катышты.

Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, президенттин жубайы Айгүл Асанбаева, коомчулук өкүлдөрү, музей таануучу адистер жана өнөр чеберлери катышышты.

“Супара” этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин элесине арналган музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган.

Количество просмотров: 764