• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Слово Кыргызстана» гезитинин редактору кеңсесинде сабалды

24 Бирдин айы 2021 8:39 Бишкек Govori.TV

«Слово Кыргызстан» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова кеңсесинде сабалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, кеңсенин ичи чачылып, компьютерлер сынган. Ал эми жабыркаган башкы редактор учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Бишкек ШИИББ маалыматты ырастап, окуя тууралуу маалымат 16:30 чамасында келип түшкөнүн, жерине Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери барганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган. 

Количество просмотров: 185