• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо башталды

10 Чын куран 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо бүгүн, 10-апрель, саат 09:00дө башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

Количество просмотров: 342