• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин ишин кароо уланат

10 Бештин айы 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум уланат.

Буга чейин иш 6-декабрда каралмак. Судья ооруп, жумушка чыкпай калганына байланыштуу 10-декабрга саат 14:00го жылдырылган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Количество просмотров: 150