• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Биринчи май районунда 3 күндө 1 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

22 Баш оона 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Биринчи май районундагы үйүлгөн таштандыларды тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалымата ылайык, акыркы 3 күндө аталган райондо жалпы 1 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине 24 даана атайын техника жана 30 жүктөгүч тартылган. Бардык таштанды аянтчаларындагы таштандылар алынды.

Учурда “Ак-Босого”, “Жеңиш”, “Тынчтык”, “Көлмө” конуштарында 15 даана атайын техника жана 15 жүктөгүч таштандыларды контейнерлерден чыгаруу жана үймө-үй кыдырып чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө, Бишкек шаары боюнча санитардык тазалоого 627 тазалоочу, 103 жүктөгүч жана 49 атайын техника, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда 73 жүктөгүч жана 43 даана атайын техника иштеп жатат.

Количество просмотров: 257