• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрт журналист боюнча сот чечимин жокко чыгарууну сурайбыз

12 Тогуздун айы 202416:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» журналисттери жана кызматкерлери боюнча чыгарган адилетсиз чечимине нааразычылыгын билдирет.

Сот негизсиз чечими менен Махабат Тажибек кызын 6 жылга, Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратты. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго 3 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды.

Бул өкүмдөр саясий себептер менен чыгарылган куугунтук катары бааланып, Кыргызстандагы көз карандысыз журналистикага карата репрессиянын ачык далили болуп саналат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адилетсиз соттолгон иликтөөчү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү мамлекетке коррупцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүгө багытталган. Алардын көз карандысыз иликтөөлөрү кызматтык абалынан кыянаттык менен, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана мыйзамдарды бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда. Журналисттер өз ишин аткаруу менен коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын маалымат алуу укугун жана бийликтин ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерин коргоп келишкен.

 Журналисттерди алардын кесиптик милдеттерин аткаргандыгы үчүн куугунтуктоо — бул Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана мамлекет өз мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерин бузуу болуп саналат. Мындай аракеттер сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коррупциянын жана мыйзамсыздыктын күчөөсүнө алып келет.

Бишкек шаардык сотун Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров боюнча чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарууга чакырабыз.

Количество просмотров: 163