Социалдык тармактарда «Женго каймана аты бар Кадыр Досонов каза болду» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кадыр Досоновдун каза болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал учурда Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда Женго (Кадыр Досонов) каза болгону тууралуу жаңылыктар тарап, талкууга алынган болчу.