• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт

27 Бештин айы 202123:00 Бишкек Govori.TV

БШК бүгүн, 27-декабрдагы жыйынында Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи. Аны өткөрүүгө 18,5 миң сомго жакын каражат сарпталат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде 6 миң 200 сомдон ашыгыраагы БШКнын чыгымдары, калган 12 миң 200 сомдон ашыгы округдарга бөлүнөрү көрсөтүлгөн.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон.
Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайрадан шайлоо жарыяланат.

Количество просмотров: 118