• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Биринчи вице-премьер-министр: Айыл чарба иштери токтобошу керек

30 Жалган куран 2020 15:05 Бишкек Govori.TV

Жазгы талаа, айдап-себүү иштерине тоскоолдуктар болбошу керек. Бул тууралуу  бүгүн, 30-мартта өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, «Кудайберген»  базарынын айыл чарбага керектүү каражаттарды сатуу менен алектенген бөлүгү иштеп баштайт.

«Бүгүнкү күндөн баштап «Кудайберген» базары иштейт. Буга чейин эле айыл чарба, айдап-себүү иштерине тоскоолдук болбосун деп коменданттарга, жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилген. Айдап-себүү иштери кандай болбосун токтобошу керек. 41-45-жылдардагы согуш учурунда дагы талаа жумуштары токтогон эмес. Буга өзгөчө көңүл буруу менен талкуулап жатабыз «,-деди биринчи вице-премьер-министр.

Количество просмотров: 73