• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилет

16 Бирдин айы 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште бүгүн 16-февралдагы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жазгы талаа иштерине даярдык маселеси талкууланууда.

Акылбек Жапаров дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү максатында жеңилдетилген шартта насыя берилерин, үрөн жана сугат суу маселелерин чечүүгө да каражат бөлүнүп жатканын айтты.

“Быйыл президенттин тапшырмасы менен бизге баш ийген банктарды капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталын көбөйтүп, “Айыл банк” жана “РСК банк” аркылуу түздөн-түз 26 миллиард сомду 6 пайызга чейин айыл чарбасына насыя катары беребиз. Бул быйылкы жазгы талаа иштерине финансылык жактан даярдыгыбыз. Мындан тышкары биринчи жолу биз 1,5 миллиард сом бөлүп, үрөн алдырдык. Суу татаал болгондуктан ирригацияга 1 миллиард сом бөлүп берип, техникасына акча бөлүп жатабыз”, — деди ал.

Количество просмотров: 80