• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Бишкегим сүйүүм, ар намысым». Балбак Түлөбаев коштошуу билдирүүсүн жазды

10 Бирдин айы 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Кызматынан өз каалоосу менен кеткен Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, кечирим сурап, коштошту.

«Бишкегим сүйүүм, ар намысым. Туура эмес кылып алсам кечир!», — деп жазган ал.

Эске салсак, бүгүн премьер-министр Улукбек Мариповдун Нургазиев Эрмек Белековичти Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.

Өкмөт башчынын башка буйругу менен Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 149