• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Митингке чыккан врачтар №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысын кызматтан алып түшүштү

8 Үчтүн айы 2018 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына Бишкектеги №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айдарбек Шакировду кызматтан бошотууну талап кылып  митингге чыгышты. 

Аталган борбордо иштеген дарыгерлердин   айтымында, Айдарбек Шакиров дарыгерлерге орой мамиле жасап, эч кандай себеби дарыгерлерди  кызматтан кетирген.

2017-жылдын февраль айында дайындалган Айдарбек Шакиров №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 102 кызматкерин жумуштан негизсиз бошоткондугун айтышты.

Митингге чыккан 100дөн ашык медицина кызматкерлери  жетекчиси жумуштан алынбаса, алар   бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин алдына чейин митингге чыга тургандыктарын билдиришти.

Минтингге чыккандар менен Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жолугуп, №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Айдарбек Шакировдун кызматтан алынгандыгын айтты.

Эми жумуштан алынган кызматкерлердин  арыздары каралат.

Количество просмотров: 16