• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкек 141 жылдыгын белгилөөдө

29 Чын куран 20199:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган. Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери – орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор – «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.


Количество просмотров: 16