23-декабрга карата Бишкекте абанын сапаты өтө зыяндуу деп бааланды. Буга World Air Quality долбоорунун маалыматтары тастыктады.

23-декабрдын саат 22:00ге карата шаар статусу «Өтө зыяндуу» болуп саналат, бул жашоого кооптуу болгон абанын олуттуу булганышын билдирет. Мындай кырдаалда сыртта эч кандай күч-аракет жумшоодон алыс болуу, үйдө аба тазалагычты колдонуу жана бардык терезелерди жабуу, ошондой эле сыртта беткап кийүү сунушталат.

Шаар учурда абанын булганышы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Белгилей кетсек, 229 AQI абанын булганышы боюнча орточо көрсөткүч. Бишкектин айрым аймактарында булгануунун деңгээли 706 AQIге жетет – бул өз кезегинде “Кооптуу” деп классификацияланган.