• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумга добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти

26 Чын куран 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек АШКна түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды караган жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын акырында Бишкек шаарынын шайлоо участкаларындагы Кыргыз Республикасынын референдумуна (жалпы элдик добуш берүү) добуш берүүлөрдүн корутундусун бекитти.

Бишкектеги шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардын саны 130 215 болду, алардын ичинен 78 854 шайлоочу “макул” деп добуш берсе, 46 996 шайлоочу “каршы” добуш берген. Мындан тышкары Кыргызстандын чегинен тышкары добуш берген шайлоочулардын саны 3 168 болсо, алардын 2 484 “макул”, 668и “каршы” добуш берген.

Количество просмотров: 70