• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек АШК «Адилет» партиясы боюнча чечим кабыл ала элек

15 Жетинин айы 202411:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешине талапкер «Адилет» партиясынын добуш сатып алууга шек саналып жатканына байланыштуу арызды кароо жылдырылды.

Маалым болгондой, аймактык комиссия иш боюнча кошумча документтерди сураган.

Эске салсак, Бишкек ШИИБ 14-ноябрда «Адилет» саясий партиясынын үгүтчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н., аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И., 113 шайлоочуга добуш сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча бергени, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банкка которгону аныкталган», — деп айтылат ШИИБ тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 221