Саясатчылар, коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.
Алардын аты-жөнү жазылган кайрылуу социалдык тармактарда тарап, азыркы бийликтин тушунда жасалган иштер менен айрым кемчиликтер жазылган. Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топ түп-тамыры менен жок болгону белгиленген. Андан тышкары акыркы беш жылда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганы жазылган.
Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылат.
Ага кол койгондордун арасында мурдагы премьер министрлер, экс-депутаттар, мурдагы губернаторлор, коомдук ишмерлер жана башкалар бар.