• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек АШКсы 8 партиянын билдирүүсүнө жооп берди

21 Чын куран 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек АШКсы «Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», «Улутман», «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы партиясы» жана “Кыргызстандын Жашылдар партиясы” саясий партияларынын билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берет:

2021-жылдын 20-апрелинде сегиз саясий партия — «Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», «Улутман», «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы партиясы» жана «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» сегиз саясий партиялары «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу жок экендигин билдиришти.

Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, шайлоо күнүнө чейин 6 айдан ашык убакыт мурда катталган саясий партиялар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укуктуу.

Ошентип, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп, шайлоо датасы дайындалууга 6 айдан аз убакыт ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын катталуу фактысы эсептелет.

Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партияларды кайра каттоонун шарттарында кандайдыр бир чектөөлөр белгиленген эмес.

Берилген далилдерге ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн, бул саясий партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 11-мартында Бишкек АШКсы №16/4 чечими менен «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттаган. Бул саясий партиянын тизмесин каттоо «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49 жана 53-беренелерине ылайык жүргүзүлгөн.

2021-жылы 7-апрелде «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Б. Керимбеков Бишкек АШКсына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылып, бул саясий партия шайлоо дайындалганга чейин 6 айдан аз убакыт мурда кайрадан каттоодон өткөн, бул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз болот деп көрсөткөн.

8-апрелде Бишкек АШК №35/5 чечими менен Б. Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тарткан.

2021-жылы 10-апрелде Б. Керимбеков Бишкек АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-апрелиндеги №61 чечими менен «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын арызынын талаптары Бишкек АШКнын чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу четке кагылды.

“Айкөл Кыргызстан” саясий партиясы Бишкек шаарынын Административдик Сотуна административдик доо менен кайрылган.

2021-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын Административдик Соту шайлоо комиссияларынын талашкан чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн белгилеп, «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты.

Количество просмотров: 73