• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди сентябрда токтойт

26 Баш оона 202214:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди сентябрда токтойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтойт.

Ишканадан белгилешкендей, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда, каттам июнь айынан 31-августка чейин иштейт.

Аталган каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Количество просмотров: 166