Осмоев Бакай Урматбекович «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Осмоев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Италиянын Милан шаарындагы Политехникалык университетте магистратурада окуган. 15 жылдан ашык архитектор-долбоор түзүүчү болуп иштеген.