Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев алдыда турган кышкы сезондо Казакстандан 250 миң тонна көмүр сатылып алына тургандыгын билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Бишкек ТЭЦи үчүн сырттан көмүр сатып алынаар-алынбасын сураган. Борбордун вице-мэри быйылкы жылуулук сезонун өткөрүү үчүн июлда тендер өткөрүлгөнүн, анын жыйынтыгында «Каражыра» ишканасынан 250 миң көмүр сатылып алынаары боюнча маалымат берди. «Каражыра» көмүр кени Казакстанда жайгашкан.
Көмүрдүн бир тоннасын 58 доллардан алып жатышканын, мунун арты менен 107 млн. сом сарамжалдап жатышканын вице-мэр кошумчалады.
Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев жакынкы үч жылдын аралыгында Кыргызстан ТЭЦ үчүн көмүрдү сырттан ташып келүүнү токтото тургандыгын билдирди.