Эртеңки эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын борбордук аянтында даярдык жүрүүдө. Ала-Тоо аянтынын аймагы “Тазалык” кызматкерлери тарабынан жуулууда.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата атайын эски үлгүдөгү унаалар да көргөзмө катары коюлат.
Ошондой эле Т.Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик өндүрүштөн чыккан товарлардын жармаңкесине даярдык көрүлүп жатат.
Эртең өткөрүлө турган концертке Гүлзинат Суранчиева баш болгон биртоп ырчылар камданышууда.
Эгемендүүлүк күнүндө борбордук аянттан тышкары да Бишкектеги Чыгыш-5, Карагай токоюнда сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлөт.
Көк-Жар айылында спорттук оюндар, концерт болот.