• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте бир тонна көмүр 5200 сомдон 6300 сомго чейин. Кышка даярсыңарбы?

11 Тогуздун айы 202410:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясында кышка даярдык тууралуу жыйын болуп, анда бир топ маселелер каралды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев 2024 — 2025 — жылдардын күз, кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ал «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын жана «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын кышкы даярдыгына токтолду.

Ушу тапта шаардагы 10 отун базасында 11 миң 450 тонна көмүр бар, 1 тонна көмүрдүн баасы 5 миң 200 сомдон 6 миң 300 сомго чейин. Булар Шабыркул, Кара-Жыра, Кара-Кече кендеринин көмүрлөрү.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасы боюнча шаардын 43 конуштарындагы 58 638 үйгө магистралдык газ түтүктөрүн тартуу иштери аяктап, 25 612 турак жай газдаштырылды.

Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында калк арасында газ бөлүштүрүүчү тармакка кошуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Талайбек Байгазиев ошондой эле жылытуу системасынын, борбордук жылытуу жана отканалар каалаган убакта жылытуу мезгилинин башталышына даяр экендигин белгиледи.


Количество просмотров: 298