• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башчысы жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды

7 Үчтүн айы 202113:44 Бишкек Govori.TV

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлап, алар атайын кызматтын тергөө абагына 6-январда киргизилгенин билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Жыйынтыгында бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону такталган.

2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда мыйзам бузулган.

Количество просмотров: 93