• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек ИИБинин тергөө изоляторунда 32 кишиден пневмония аныкталган

27 Жетинин айы 2020 9:16 Бишкек Govori.TV

26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун кыдырып чыгышты.

Уюмдун маалыматына караганда, учурда 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурат. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.

Борбордун билдирүүсүндө сот 99 кишини Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын №21 тергөө абагында кармоо жөнүндө чечим чыгарганы, бирок соттук актыга карабай мекеме аларды кабыл албай жатканы белгиленген.

“Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды дарылоого шарт жок. Камераларда адамдардын көптүгү — жугуштуу оорулардын кызматкерлердин жана ал жакта кармалгандардын арасында жайлышына алып келет ”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жаза аткаруу башкы башкармалыгына, ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштар жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 69