• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек – Кант жолун оңдоо иштери качан башталат?

21 Бештин айы 202414:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Кант жолун оңдоо иштери февраль-март айларында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аталган жолду оңдоого каражат бөлүнгөн, иштер күн жылыса эле башталат.

«Бишкек — Кант жолун оңдоо иштери күзгө чейин бүткөрүлөт, 2026-жылы андан ары улантылып, Токмок, Кеминге чейинки жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт», — деп кошумчалады президент.

Количество просмотров: 194