Эртең, 28-сентябрда жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Темир жолдогу ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылдын 28-сентябрында жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, 29-сентябрдан тартып аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.