• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек-Каракол аба каттамдары эми жумасына төрт жолу учат

13 Бирдин айы 20259:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектен Караколго учак эми жумасына төрт жолу учат. Бул тууратуу Манас аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, каттамдар шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

2024-жылдын декабрь айынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштаган. Жумасына 2 жолу, бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттап жаткан. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат.

Количество просмотров: 170