Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жашоочулардан жакынкы 2 жума жана андан кийин да үйдө болууга чакырды.
Ал бүгүн, 8-апрелдеги маалымат жыйында билдиргендей, Бишкек шаарында бир суткада дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды.
«Учурда коронавирусту биринчи болуп жуктургандар менен байланышта болгон адамдарда инкубациялык мезгил аяктап жатат», — деди комендант.
Кыргызстандын 3 шаарында жана 3 районунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.