ЖК депутаты Надира Нарматова жалпы жыйын учурунда Бишкектеги мектептин ажатканасында чоң класстагы балдардан токмок жеген окуучу жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын айтты.
Депутаттын айтымында, 8-класстын окуучусу 21-январда №72 мектепте сабалган. Эл өкүлү мектеп жетекчилиги менен милиция окуяга кайдыгер карап жатканын айткан.
Ал эми Бишкектеги Ленин РИИБдин басма сөз кызматы өспүрүмдүн атасы милицияга кайрылып, мектептеги окуучуларга жана мугалимдерге карата чара көрүүнү өтүнгөнүн, факт каттоого алынып, текшерүүнүн алкагында экспертизалар дайындалганын маалымдады.
Тергөөгө чейинки текшерүү РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.