• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек комендатурасына берилген маанилүү суроолорго жооптор

2 Чын куран 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын комендатурасына берилген маанилүү суроолоруна жооптор:

Өткөрмө кагаздары боюнча:
Бүгүнкү күндөн баштап өткөрмөлөрдү кагаз түрүндө кабыл алуу жана берүү токтотулат.
Бишкек шаарынын комендатурасы өткөрмөлөрдү берүү боюнча 1312.tunduk.kg электрондук системасын ишке киргизди. Борбор калаадагы жарандардын коопсуздугун камсыздоонун негизги милдетине байланыштуу, биринчи этапта Саламаттыкты сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, укук коргоо органдарына, Башкы штабка жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарына берилет.
Андан кийин, медициналык жардамга муктаж жарандарга (алар медициналык күбөлүктү же медициналык процедураларга муктаждыгын тастыктаган документти тиркеши керек), Бишкек шаардык мэриясына, тез чара көрүү топтору, жеке күзөт ишканаларына жана башка авариялык кызматтарга берилет.

Жарандардын шаардын ичинде жүрүүсү боюнча:
Жарандар сыртка зарыл болгон үч себеп менен гана чыга алышат – дарыканага, дүкөнгө жана ооруканага, ал учурда жанында паспорт жана маршруттук баракча болушу керек.

Жумушка чейин кантип жетебиз?
Жаныңызда паспорт жана маршруттук баракча болуш керек, ал эми иштеген жердин аралыгы 1,5 км болсо, анда тиешелүү өткөрмө кагазын алуу керек.

Банк тууралуу суроолор, эгерде банкомат шаарда жайгашкан болсо, пенсияны кантип алууга болот?
Чүй облусунун аймагында банкоматтар бар, өзгөчө кырдаал киргизилген аймакка кирүү үчүн, сизде өткөрмө кагаз (пропуск) болушу керек.

Азык-түлүктөр, дары-дармектер түгөнүп калды, батир үчүн төлөм акысы жок, материалдык жардамды кайсы жакка кайрылсак болот?
Бишкек шаарынын коменданты Бишкек шаардык мэриясына оор кырдаалга кабылган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрук чыгарды, мындай жарандардын тизмеси мэрия тарабынан аныкталат. Учурда өзгөчө кырдаалда каржылык жардамга муктаж болгон 15 миң жарандын тизмеси түзүлдү.

Онкологиялык оорулуулар кантип дарыланышат?
Шаарга тоскоолдуксуз өтүү үчүн медициналык документтер, маалымкаттар, жолдомо кагаздары, ошондой эле паспорт жана маршруттук баракча болушу зарыл.

Сөөк коюу жана акыркы сапарга узатуу зыйнаттына кантип катышса болот?

Унаага жана акыркы сапарга узатууну уюштурган бир нече жаранга өткөрмө кагазын алыңыз.

Каттоонун жоктугу, ЖТБ жашаган жеринен маалымкат берүүдөн баш тарткан учурлар байкалууда, эмне себептен?
Келип түшкөн билдирмелердин көлөмү көп учурунда, жумуш көп болгондуктан, убактылары кечиктирилип жатат.

Ооруканадан чыгаргандарды алып кетүүгө жана лабораторияга барыш үчүн кандай шарттар каралган? Эмне себептен 103 кызматы кээ бир учурларда келбей жатат?
Алардын жанында медициналык документтери, күбөлүктөрү жана көрсөтмөлөрү, ошондой эле паспорту, маршруттук баракчасы болсо, тоскоолдук болбойт. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт, ошондой эле баардык чалууларды тейлейт, өзгөчө кырдаалдарда, бир эле учурда бир нече чакыруу келип түшөт, ошондуктан кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Количество просмотров: 72