• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек кышка даярбы?

24 Жетинин айы 2023 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ЖЭБ-1 аймагында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга мэрдин турак жай-коммуналдык маселелер боюнча орун басары, төрт райондун башчылары, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ЖЭБ-1, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «КУЭТ» ААКсы ж.б катышты.

Мэр турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директорунун күз-кыш мезгилине даярдык боюнча отчетун укту.

Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору жылуулук трассаларын алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, аткарылган иштер, көмүрдөн газга 22 откананы ишке киргизүү, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептерде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иш-чаралары, калктын көмүр менен камсыздалышы жана азыркы тапта базаларда үч миң тоннадан ашык көмүрдүн бар экендиги, сатып алуулар жана Бишкектин айрым мектептеринде авариялык абалга келген учурлар тууралуу да маалымат берди.

Өз кезегинде мэр Турак жай-коммуналдык чарба департаментинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү, капиталдык курулуш башкармалыгына болуп жаткан аварияларды тез арада жоюуну, райондун акимдерине зарыл болгон учурда кышкы коопсуздук зонасында жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алууну, эгер зарыл болсо, 2024-жылдын бюджетинде келечекте авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн ведомствого караштуу мекемелердин жылуулук системаларын реконструкциялоону карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсынын, «Бишкекжылуулукэнерго» КИнын жана борбордун ЖЭБинин жетекчилери шаар мэрине кышка карата даярдыктары жана штаттык режимде иштөө боюнча маалымат беришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгына кырсыктарды аныктоо жана тез арада жоюу боюнча ишти күчөтүү, акыркы бир айда болгон 16 саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин 3 объектисинде авариялык иштерди тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди.

Район жетекчилери жарым-жартылай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн объектилерде да түтүктөр жарылып жатканын белгилешти. Себеби, көпчүлүк билим берүү мекемелери 1970-жылдары курулгандыктан, бүгүнкү күндө ал мектептердин имараттары жараксыз абалга келген.

Борбор калаанын мэри төрт райондун акимдерине магистралдык жылуулук системаларынын курулушунун сапатына жана жылуулук системаларын оңдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле, 2023-2024-жылдардын кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн райондордун башчылары жана энергетика тармагынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат.

Жыйында кызматкерлери 20 күнгө асфальт ачууга ордер алып, бирок натыйжада иш 30 күнгө создуктурулуп жаткан «Бишкекжылуулукэнерго» ААКсына жана Бишкек электр тармактар ишканысыныны кызматкерлерине эскертүү берилди. Ошондой эле ишти өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, Жунушалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы менен мектептердин кызматташуусун пландуу түрдө киргизүүнү тапшырды. Көпчүлүк учурда мектептерди жылытуу үчүн мектептин кызматкерлери жооп беришет, бирок бул функция алардын компетенциясына кирбейт. «Бишкекжылуулукэнерго» КИ менен келишим түзүү мобилдик топту бекитүүгө жана жаралган ыңгайсыздыктарды тез арада жоюуга мүмкүндүк берет.

Количество просмотров: 116