Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.