• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек менен Чүйдө коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундуктар түзүлөт

5 Чын куран 2021 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек жана Чүй облусунда коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундуктар түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин буйругуна ылайык, коронавирус менен ооруган бейтаптарга убагында жардам көрсөтүү максатында 6-апрелден тарта Улуттук госпиталда 110 орундук, анын ичинен 10у интенсивдүү терапияга ылайыкташтырылмакчы.

Ошондой эле Чүй облустук бириктирилген ооруканада 55 орундук, анын ичинен бешөө интенсивдү терапия палатысы түзүлөт.

Количество просмотров: 124