• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек менен Минск кызматташуу жөнүндө Жол картасына кол коюшту 

16 Аяк оона 202410:45 Бишкек Govori.TV

Беларустун Минск шаарында 2024-2026-жылдарга Бишкек менен Минск шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыгы жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документке Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев кол койду.

Жол картасында Кыргызстан менен Беларустун борбор калааларынын ортосундагы кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары көрсөтүлгөн.

Документ Бишкек менен Минсктин индустриалдык, өнөр жай, маданий потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк ачат.

Ошондой эле тараптар бизнес-делегацияларынын сапарларын уюштуруу тууралуу да макулдашууга жетишти.

Количество просмотров: 63