• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек менен Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

25 Баш оона 202117:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында 29-августта өтөт. Анда жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.

Даректери:

— Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.

— Ош шаары (Айыл чарба техникумунун — А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).

Количество просмотров: 192