• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкек мэри 10-кичирайонго жаңы сквер курууну сунуштады

24 Бирдин айы 2022 14:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 10-кичирайондогу 25-үйдүн жашоочулары менен жолугушууда турак үйдүн артына кичи сквер курууну сунуштады.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкесин муниципалитетке бекитип берилип, ал эми жарыктандыруу иштерин жүргүзүү «Бишкексвет МП» ишканасына тапшырылган.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында тургундар №25 үйдүн жылуулук системасын оңдоо маселеси боюнча муниципалитеттин башчысына кайрылышты.

Белгилей кетсек, турак жайды жылуулук менен «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК камсыздайт. Ошентип, «Бишкекжылуулуктүйүнүнө» үй комитеттеринин төрагалары менен бирдикте көтөргүчтөрдү алмаштыруу тапшырмасы берилди.

«Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына бак-дарактарды санитардык бутоо жана ирригациялык тармактарды иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Ошол эле учурда үйдүн ичиндеги бардык тосмолорду, өзгөчө уруксаты жок тургузулган тосмолорду демонтаждоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 130