• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек мэри Ала-Тоо аянтын кыдырды

29 Жетинин айы 2023 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баш калааны көрктөндүрүү маселеси боюнча кыдыруу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.

Калаа башчысы кыдыруу учурунда төмөнкү тапшырмаларды берди:

— шаардын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу жана борборду жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасоо;
— «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы эски системанын чегинен чыгып, көрктөндүрүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн эске алуу менен күзгү-кышкы бутоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле «Ак үйдүн»периметри боюнча сейил бактардын жана скверлердин ландшафттык дизайнын иштеп чыгуу;
— «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына 2024-жылы Раззаков көчөсүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү;
— туунун айланасындагы тосмолорду эстетикалык көрүнүшкө ылайык келтирүү, анткени бул аймак шаардын борбору болуп саналат;
— Ала-Тоо аянтынын аймагындагы гүл идиштердин эстетикалык көрүнүшүн шайкеш келтирүү;
— борборду натыйжалуу көрктөндүрүү системасын иштеп чыгуу;
— келечекте шаардын бардык аймагында окшош долбоорлорду колдонуу.

Количество просмотров: 77